Депутат Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жабык мекемеге айланып калганын айтты
Жогорку Кеңеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту каралды.
Фонддун төрайымы Элнура Боромбаеванын айтымында, фонддун бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүн төмөнкүлөр түздү: кирешелер боюнча 14 миллиард 776 миллион сомду түзүп, божомолдоо боюнча 14 миллиард 818 миллион сом болгон. Ал эми чыгашалар боюнча 14 миллиард 209 миллион сом болуп, божомолдоо боюнча 14 миллиард 340 миллион сомду түзгөн.
Депутат Дастан Бекешев аталган фонд башынан эле өлкөдөгү өтө жабык мекемеге айланып калганын айтты. Ал фонд ачык болушу керектигин билдирди. Ал эми депутат Жыргалбек Турускулов фонддун түзүлгөнүнө 23 жыл болгонун эске салып, азыркыга чейин калк арасында фонд жөнүндө таптакыр түшүнүк жок экенин билдирди.
Фонддун төрайымы калк арасында түшүндүрүү иштери өз деңгээлинде жүргүзүлбөй жатканын моюнга алып, бул багыттагы аракеттерди жандандырууга жана иштиктүү чараларды көрүүгө убада берди.



