super.kg logo

Өкмөт башчы өлкөдө авариялык мектептер, контейнерде жана чатырларда окуган окуучулар болбош керектигин айтты

 

Баарынан биринчи авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңы курула турган жалпы билим берүүчү мекемелер каржыланат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "капиталдык салымдар" беренеси боюнча билим берүү объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү талкууланган жыйында айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө 2017-2018-жылдардын аралыгында республика боюнча 243 билим берүү объектиси курулганы айтылды. Анын 121и мектеп жана спорт зал болсо, 122си бала бакча. Бул үчүн 5 миллиард 2 миллион сом бөлүнгөн. 2019-жылы 46 объекттин курулуш иштери аяктаган, алар 28 мектеп жана 18 бала бакча.

Премьер-министр авариялык абалдагы мектептер өзгөчө тынчсыздандырып жатканын белгиледи.

"Өлкөдө авариялык жана контейнерде, чатырларда окуу жүргүзгөн мектептер болбош керек. Учурда мындай мектептин 17си бар, алардын курулуш иштерин тездетүү жана каржылоо маселесин чечүү керек. Бюджеттин киреше бөлүгүндөгү объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, бул маселе баарынан биринчи болуп каралышы керек. Биз мектептердин курулушуна каражат табабыз жана республика боюнча авариялык абалдагы бир дагы мектеп болбогондой деңгээлге жетебиз", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.09.2019. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте, Каныбек Абдуваситович андай көрүнүштөргө жол бербейт. Анткени ал мол тажрыйбалуу жана иштин көзүн билген мыкты кадр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: