Президент ачык баарлашуу элдин бийликке болгон ишенимин бекемдей турганын айтты




"Ачык баарлашуу элдин бийликке болгон ишенимин бекемдейт", - деди президент Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууну жыйынтыктап жатып, мамлекет башчы ачык жана мазмундуу баарлашуу болгонун белгиледи.
"Ар кандай мүнөздөгү суроолор ачык берилди. Бул элдин бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө көмөктөшө турчу коомубуздун ачыктыгын көрсөтүп турат", - деди мамлекет башчы.
Президент бийлик жана эл биргеликте иштегенде гана жетишкендиктер болорун белгиледи.
"Эгерде бийлик бирди айтып, иш жүзүндө башканы жасап жаткан болсо, эл муну көрүп турат. Менин башкы максатым - таза иштеп, эл арасында жүзүм жарык болуу", - дейт Сооронбай Жээнбеков.







1 |