Жогорку Кеңеште чек ара маселеси боюнча буга чейин кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, сунуштар берилди
Кечээ, 26-сентябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн чек ара маселелерине байланыштуу мурда кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндөгү маалымат жабык эшик артында угулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
"Анда мамлекеттик органдардын жетекчилери депутаттардын мамлекеттик чек араны бекемдөө, делимитация жана демаркация кылуу, чек ара аймагында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы суроолоруна жооп беришти. Талкуу жыйынтыгында, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Ал аркылуу өкмөткө буга чейинки аткарылбай калган иштер боюнча кошумча тапшырмалар менен сунуштамалар берилип, аларды аткаруу мөөнөттөрү такталды. Анда коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, талаштуу чек ара тилкелерин тактоо, делимитация жана демаркация чараларын тездетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду", - деп жазылат маалыматта.
Депутат Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына чек ара боюнча маселе кечээ, 26-сентябрда саат 21:00гө чейин жабык эшик артында каралганын жазды. “Тажик тарап Адахан Мадумаров кол койгон документке таянып жатат. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган эмес. Мадумаров баткендиктердин алдында актана алса антансын”, - деп жазат депутат.





1 |