super.kg logo

Өкмөт башчы быйыл 8 айда экспорттун өсүшү 1 миллиард долларга жогорулаганын айтты

 

Мамлекет ички резервди натыйжалуу колдонуу менен үнөмдөп жашоого көнүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр өз сөзүндө 2019-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталып турганын белгиледи. "Ички дүң продукциянын көлөмү 335 миллиард сомду түздү, реалдуу өсүш 6,2 пайыз болду. Кумтөрдү кошпогондо ички дүң продукциянын көлөмү 299 миллиард сомду түзүп, 3 пайызга жогорулады. Өсүш бардык тармактарда камсыз болду. Өнөр жай – 17,4 пайызга, курулуш – 7,8 пайызга, кызмат көрсөтүү – 2,5 пайызга, айыл чарбасы – 1,6 пайызга өстү", - дейт Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, 8 айдын жыйынтыгы боюнча, экспорттун өсүшү 1 миллиард долларга жогорулады. Импорт 11,8 пайызга азайды.

"Өкмөт бизнести жана жеке инвестицияларды коргоо боюнча бир катар натыйжалуу чараларды көрдү. Натыйжада, тикелей чет элдик инвестициялардын көлөмү 1-жарым жылдыкта 394 миллион долларды түзүп, 59,9 пайызга өстү. Коомдогу кабатырланууну жараткан дагы бир көйгөй – бул өлкөнүн тышкы карызы. Эгерде буга чейин тышкы гранттар жана насыялар ички булактардын кирешесинин тартыштыгын жабуу үчүн да пайдаланылып келген болсо, азыркы бюджетте тышкы карызды – азайтып, туруктуу тейлөөгө багытталат. Ички дүң продукция салыштырмалуу тышкы карызыбыз жылдан жылга кыскарып бара жатат. 2018-жылы 48 пайызды түзсө, ал эми 2019-жылдын аягына чейин 46,5 пайызга жана 2020-жылы 43,5 пайызга азайтууну болжолдоп жатабыз", - деди Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
27.09.2019. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы ушинтип эле иштесе болот экен го.
27.09.2019. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Соңку жылдарда экономикалык өсүү болуп жаткандыгын байкадык. Биздин мамлекеттин ИДПсы өскөн сайын сырткы карыздар азайып өлкөбүз сыздан чыгып бара жатат.
27.09.2019. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ооба окмот жакшы эле иш алып барып жаткандай корунот. Только отставкага кетирбегиле, биздин олкодо деле туруктуу коп жыл иштеген премьер министр болсунчу. А то ар айда эле премьерлер алмашып конул иренжир атат.
27.09.2019. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оркундой бер мекеним Кыргызстан!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: