Сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү президенттин атына 43 пайыз кайрылуу түшкөн
2019-жылдын 8 ай аралыгында президенттин атына жарандардан 10126 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк кайрылуулар сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү - 3375 кайрылуу же 43,7 пайызды түзгөн.
- прокуратура органдарына тийиштүү маселелер боюнча - 1366;
- сот органдарына байланыштуу маселелер боюнча - 1254;
- ички иштер органдарына тийиштүү маселелер боюнча - 570;
- финансы полициясына тийиштүү маселелер боюнча - 97;
- улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү маселелер боюнча - 62;
- жаза аткаруу кызматына байланыштуу маселелер боюнча - 26.
Аткаруу бийлигинин компетенциясына тиешелүү кайрылуулардын саны 2043. Жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулардын саны - 1013 кайрылуу же 13,1 пайыз.
Президенттин жана анын аппаратынын атына келип түшкөн кайрылуулардагы маселелердин көпчүлүгү талдоо көрсөткөндөй жергиликтүү бийлик тарабынан чечилчү маселелер жана мамлекет башчысынын түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылбайт. Бирок алардын иши канааттандырарлык эмес болуп жаткандыктан, алар аргасыздан мамлекет башчысына кайрылып жатышкандыгын көрсөтөт.
Бардык келип түшкөн 7726 кайрылуулардын 6228и көзөмөлгө алынып, алардын 5643ү мөөнөтүндө аткарылды. Ал эми 585и мөөнөтүнө ылайык аткарылууда.
Калган 1498 кайрылуу маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароолоруна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга тийиштүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берүү иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 2019-жылдын 8 айында кайрылуулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 8,8 пайызга азайган.

Имхо.