super.kg logo

Малахов чырынын айынан саясатчы Камчыбек Ташиевдин сөздөрүнө Аликбек Жекшенкулов жооп кайтарды

 

Саясатчы Камчыбек Ташиев орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун кыргыздар тууралуу айтканы боюнча Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Сизге, шовинист,чагымчыл жана деңгээли төмөн Малаховго, бүткүл кыргыз элин кемсинткен сөздөрү үчүн жооп кайтаруу оорчулукка турабы? Жөнөкөй кырсыктан, калпка оролгон, жагымсыз сенсация жасап жатат! Орус, кыргыз бирдиктүү эл, аларды экиге болүүгө болбойт, биз шериктеш тууган элбиз! Эгерде кыргыз элинин укугун коргой албасаңыз, далилдерине жооп кайтара албасаңыз, Сизди эмнеге тандап, дайындашты? Сиз мындай эмес элеңиз, же сизди дагы бийлик буздубу? Ойгонуп Малаховго жооп кайтарыңыз, Сиз Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоого милдеттүүсүз", - деди Ташиев.

Бул кайрылуудан соң, Аликбек Жекшенкуловдун социалдык баракчасында ага карата жооп чыкты.

"Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич! Биз сиздин кырсыктын айынан келип чыккан, мекендешибиздин айланасындагы жөнөкөй эмес абалга тынчсызданып жатканыңызды түшүнүп жатабыз. Азыр тилекке каршы, айрым саясатчылар менен журналисттер, бул кырдаалда упай топтоого аракет кылышууда. Алардын арасында Малахов дагы бар. Мындай татаал кырдаалда маданияттуулукту сактап, өзүңүз айтмакчы, айрым шовинистердин деңгээлине түшпөйлү. Жаңжалды күчөтүп жиберүү аракеттери улана берет, бирок кээ бир ниети түз эмес саясатчылардын бизди бул жаңжалга аралаштырышына жол бербешибиз керек. Кырсыктын айланасындагы жасалма ажиотаж, тергөө астындагы биздин мекендешибиздин тагдырына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Элчилик бул окуяны кунт коюп байкап, укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта иштеп жатат. Биз үчүн биринчи орунда алып баруучунун позициясы эмес, мекендешибиздин тагдыры турат. Мен жана элчиликтин кызматкерлери популизмге жол берип, биздин жарандардын тагдырлары менен ойной албайбыз. Биздин мекендештердин укуктарын ар дайым, бардык деңгээлде коргойм. Бул конкреттүү окуяда. зыян тийгизип албоо принцибин унутпаш керек. Сизге жана биздин активдүү жарандарга чын дили менен биздин мекендешибиздин тагдырына санаа тартып жатканаңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!", - деп жазылат элчинин жообунда.

Ал эми бүгүн, 27-сентябрда Андрей Малахов өздүк сайтында мекендештерибизге кайрылуусун калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
27.09.2019. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элчинин жообу биздин намыска туура келбей калыптыр! Рас буткул Кыргызстан эли нааразычылыгын баардык сайттар аркылуу жеткирип атканда,ошол элдин созун, элдин пикирин РФ га ушул элчилер жеткирип жообун алып бериши керек эле!
27.09.2019. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бир зек менен алып баруучу Кыргызды уруштуруп тынат окшойт
27.09.2019. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жерлер сатылып атат тупойлор ага эмне анча куйукпойсунор бир кайдагы малаховдун созуно тееригип жатып калдынар чычалап Бир ары жоктор экенсинер
27.09.2019. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аликбек Жекшенкулов чечкиндуу адам эмес.Суйлогон созун корсон уйку келип кетет.
27.09.2019. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жекшенкул маскоодо бекер уй бекер тамака тоюп жатса кайдагы малахып.
28.09.2019. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ары жоктор,,,, жерди сатып,маслекетти тыптыйпыл кылмай болду булар,,,,анан да Малаховдун созуно патриот болуп чыга калышат..!!!
29.09.2019. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажиотаж кылбай жон эле отургулачы, калп эле куйумуш болбой. Россияда бир миллион калкыбыз иштеп жатат. Жон эле улутчул боло берип, зыян тийгизбегиле башкаларына. Силер мурдунардан алысты коро албайсынар да. Буга дипломаттык илим керек, тонкоюп жатып алып уйдо баатырлар керек эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: