super.kg logo

Учакта жанаша отуруп калган балдардын ыйлап же тентектик кылган учурларына көп туш болосузбу? Япон авиакомпаниялары буга чечим таап, бирок сынга кабылды

 


Япониянын авиакомпаниялары жүргүнчүлөрүнө борттогу балдардын орундары тууралуу алдын ала маалымат бере баштады. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Авиакомпаниялар мындай чечимди кабыл алуусунун себебин "башка жүргүнчүлөр жанында бала кошо учарын билүүгө укуктуу" деп түшүндүрүшкөн. Орунду онлайн аркылуу ээлеп коюуда 2 жашка чыга элек балдар кайсы жерде отурары белгилене баштады. Мындай функциялар "Japan Airlines" жана "All Nippon Airways" авиакомпанияларында ишке кирген.

Мындай жаңы функция Рахат Ахмед аттуу жүргүнчүгө жагып калып, "Qatar Airways" авиакомпаниясынан ушундай тартипте иш алып баруусун суранган. "13 сааттык каттам учурунда менин жанымда үч бала ыйлап келди. Бул функция бардык авиакомпанияларга эреже болушу керек" деп жазган ал.

Ыраазычылык айткандар болгону менен япон авиакомпанияларын сындагандар да бар. "Авиакомпаниялар балдарга карата чыдагыс мамилесин көрсөтүүдө. Башка жүргүнчүлөр сабырдуу болушу керек" дешүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
28.09.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми кемеге түшкөндүн жаны бир демекчи, 5,6 саатка чыдап койсо эч нерсе болбойт, ар бир үйдө бала бар, баланын күлкүсүнө ыйлаганына эмне жетсин. Сабырдуу болуш керек болду баары өтүп кетет.
29.09.2019. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
элдин мерездиги 15 минутталык жолго машинага чыксан дагы, баласы менен экен деп албай койгондор да бар!Япон элин суйлоп не кылабыз туугандараз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: