Отко май чачылып жатабы? Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматты төгүнгө чыгарды



Кечээ, 27-сентябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги алпаруучу Андрей Малаховдун берүүсүнө байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу аталган ведомство расмий маалымат жарыялады.
"Кыргыз мамлекетинин ТИМине Андрей Малаховдун берүүсүнө байланыштуу орусиялык өкүлчүлүктөн эч кимди чакырышкан жок. Пландык иштин алкагында кыргыз кесиптештер ар түркүн маселелердин катарында "Россия" каналында көрсөтүлгөн берүүдөгү алпаруучунун сөзү көтөрүлгөн. Берүүдө орусиялык жаран кайтыш болгон Москвадагы жол кырсык айтылып, таксини башкарган адам Кыргыз жаран болгону баяндалган.
Андрей Малаховдун көз карашы - бул журналисттин пикири, анын кырдаалга карата жеке көз карашы. Москвадагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине жооп берүүгө болгон укуктан пайдалануусуна кеңеш беребиз.
Мамлекеттер аралык эки тараптуу мамилеге бул кырдаалдын тиешеси жок", - деп жазылат.
26-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин өкүлү чакыртылганы жарыяланган эле.
24-сентябрь күнү олигарх Александр Маруговдун уулунун жол кырсыгындагы өлүмү тууралуу көрсөтүү эфирге чыккан. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары социалдык тармактарда "көрсөтүүнүн жүрүшүндө алып баруучу Андрей Малахов бүтүндөй кыргыз элинин дарегине орой сүйлөдү" деп анын кечирим суроосун талап кылышкан.




Буга чейин үн каткым келген эмес. Бирок баардык журналисттердин, элдин, артисттердин жана эл өкүлдөрүнүн пикирлерин окуй берип тажадым. Баары эле кечирим сурасын деп жатышат.
Ким сурайт?!!!
Малаховбу? Кыргызыңды тоготуп койбойт!
Орустарбы? Кайра шылдыңдашат!
Эмнеге?
Баарына өзүбүз күнөлүүбүз. 3күндөн бери ар бир орустун жазган коментарийлерин окуп чыктым. Издегеним алар кыргыздар жөнүндө эмне деп ойлойт экен - черныйлар, жымшык көздөр,
Чынында намыстангыбыз келсе, ачка калсак да намысыбыз менен ачка калалы деп баарыбыз Россияга барбай койсок угат белек ушундай сөздү? Балким өздөрү Украина же Грузияга, Литва же Латвияга жалдырагандай тең укукта сүйлөшүп калышмак?
Караңыздарчы, Казахстан жөнүндө бири да сөз сүйлөй алышпайт. Анткени бир да казак гастарбайтер эмес! Баары эле Киргизия, таджики, узбеки плохие дей беришет. Өзүбүз күнөөлүбүз тууугандар.
Жана да пиар үчүн баары эле видео чыгарышат..
Эмки айтчум эл өкүлдөрүнө.
Чала болот силерге! Наалат!
Элдин турмушун ойлоп, иштей билген адамдарды чакырып, мамлекеттин экономикасын ойлогонуңарда бир да өлкө көзгө тик карай алмак эмес! Хансарай кургандын ордуна чакан фабрика, бизнес центр кургандын ордуна керектүү цех, базар кургандын ордуна эгин чарба кылганыңарда... экономикабыз өнүгүп, мигранттап кетпейт элек! Силер дагы Россияга кул болбой, позицияңарды бекем кармап сүйлөшө алмаксыңар. Наалат болсун!
Жаш кезде бизди тарбиялачу макалдар менен. Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат деп, кана ошол?!!!
Малахов киргизи за 100тыс любого угробят деп айтканы силерге тиешелүү, ал сөзүнө кошуламын. Энеңерди сатканга да даярсыңар. Мейли эми, эптеп азыркы муун өлгөндө тазараарбыз, анда да муундарга кириңерди жугузуп кетпесеңер эле