super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова: «Ачык өкмөттүн» ишинин жыйынтыгын жарандар көрүш керек»

 

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова «Ачык өкмөт» (Open Government Partnership) Өнөктөштүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Ал Кыргыз Республикасы Борбордук азия аймагынан биринчилерден болуп «Ачык өкмөт» Өнөктүштүгүнө кошулганын, өкмөттү ачык-айкын иштөөгө алып келүү негизги максат экенин эске салды.

«Кыргыз Республикасындагы бардык министрликтер жана мекемелер ачык иштегенге кызыкдар жана чараларды сунуш кылууда. Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия, Жогорку Сот, Жогорку Кеңеш долбоорду ишке ашырууга катышууга даярдыктарын билдиришти», - деди Алтынай Өмүрбекова. Вице-премьер-министр эң негизгиси жарандар «Ачык өкмөттүн» оң натыйжасын көрөт, ал эми жыйынтыгында бардык бийлик бутактарынын ишине коомдук көзөмөл күчөгөндөй болушу керектигин белгиледи.

«Планды талаптагыдай аткаруу үчүн жарандык коом менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын камсыз кылуу керек. Жарандык коом маанилүү чечимдерди кабыл алууга активдүү катышат. Прогрессивдүү мыйзамдар жарандык коомдун түздөн-түз катышуусу менен түзүлдү», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана адам факторун азайтуу максатында маалыматтык технологияларды киргизүүгө өзгөчө маани берерин кошумчалады. Өз кезегинде Open Government Partnership Өнөктөштүгүнүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасында «Ачык өкмөттү» куруу боюнча иш-чаралардын Улуттук планынын ишке ашуусу жөнүндө көз карандысыз отчёт даярдалып жатканын жана анын жыйынтыктары 2019-жылдын октябрь айынын аягында даяр болоорун билдиришти.

«Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү (OGP) - өкмөттөрдүн ачыктыкты, жарандардын укуктарын жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүүнү, коррупция менен күрөштү жана башкарууну күчөтүү үчүн жаңы технологияларды колдонууну камсыздоо боюнча милдеттемелерин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге. Кыргыз Республикасы Өнөктөштүккө 2017-жылы өткөн, ал эми 2018-жылы аткарууга 19 милдеттемени кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: