super.kg logo

Дональд Трампка импичмент жарыялоо чечимин америкалыктардын дээрлик тең жарымы колдоду

 

АКШнын Өкүлдөр палатасынын президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо процедурасын баштоо чечимин америкалыктардын 47 пайызы колдоду. Бул үч ай мурункуга салыштырмалуу 12 пайызга көбүрөөк. Сурамжылоону "The Hill" басылмасы менен "HarrisX" изилдөө компаниясы жүргүзүп, анын жыйынтыгын чет жердик ЖМКлар жарыялашты.

Импичмент жарыялоону америкалыктардын 47 пайызы колдогону менен 42 пайызы колдобой турганын, ал эми 11 пайызы бул суроого жооп бере албай турганын билдиришкен.

Басылма жазган маалыматка ылайык, АКШнын Демократиялык партиясында импичментти колдогондор 59 пайыздан 78 пайызга өскөнүн, Республикалык партияда бул көрсөткүч 13 пайыздан 18 пайызга жогорулаган.

Импичмент жарыялоо керектиги Дональд Трамптын Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин башталган. Анда АКШнын президенти Украинадагы "Burisma" газ компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөөнү сураган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.09.2019. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Импичмент деген эмнеси?
28.09.2019. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
macho90,президент моонотунон мурда бошотуп жоопко тартуу.
29.09.2019. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tolkun555, мөөнөтүнөн мурда ошотуу эле жоопко тартуусу жок эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: