Көк-Жаңгак шаарында добуштарды саноо аяктады
Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаңгак шаарындагы бардык шайлоо участкаларында добуштарды саноо аягына чыкты. БШКдан маалым болгондой, Көк-Жаңгак шаары боюнча Кыргызстан коммунисттер партиясы - 802 добуш (40,71%), "Өнүгүү" - 598 добуш (30,36%), "Ата Журт" - 400 добуш (20,3%), КСДП - 137 добушка (6,95%) ээ болушту. Ал эми баарына каршы 5 шайлоочу добуш берген. Кошумчалай кетсек, Көк-Жаңгак шаары боюнча 4735 шайлоочу каттоодон өтүп, алардын ичинен 1929у (40,74%) добуш берген.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

