super.kg logo

"Дордой Плаза II" мультифункционалдуу соода борбору 1 жылдыгын белгиледи!

 

Бишкектеги "Дордой Плаза II" соода жана көңүл ачуу борбору ачылганына 1 жыл болду. 29-сентябрда борбор калаадагы мультифункционалдуу, заманбап борбору "туулган күнүн" шаардыктар жана келген коноктор менен чогуу белгиледи. Туура бир жыл мурун ушул күнү "Дордой Плаза" салтанаттуу түрдө ачылып, бир жыл бою кубантып келди.

29-сентябрда бир күн бою келгендерди кубантып, ар кандай иш-чаралар болду. Концерттик программа тартууланып, кызыктуу оюндар өткөрүлүп жатты. Ошондой эле уюштуруучулар жеңүүчүлөрдү баалуу белектер менен кубандырып жатышты.

"Дордой Плазага" келгендердин бири Бакыт мырза туулган күнү менен куттуктады. "Заманбап соода борбору ачылганына бат эле бир жыл болуп кетти. Ишмердүүлүгүн токтотпой, мындан ары да өз кардарларын сүйүнтүп турсун. Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюндарын чоң экранда көргөзүп жаткандыгы мени абдан кубандырат. Ушундай иш-чараны көбүрөөк уюштуруп турса жакшы болот", - деди ал.

"Дордой Плазада" коопсуздук маселеси, өзгөчө өрт коопсуздугуна көп көңүл бурулган. Эвакуация кылуу үчүн 12 эшик, өрттү автоматтык түрдө өчүрүүчү жабдуулар орнотулган. Аянты 70 миң чарчы метрди камтыган ири мультифункционалдуу борбор калаанын жашоочулары үчүн түрдүү кызматтарды көрсөтүп келет. Борбордун ичинде дүйнөдөгү алдыңкы бренддердин кийимдери, мыкты сапаттагы косметика жана парфюмерия, тиричилик буюмдары, үй эмеректери, азык-түлүк сатыла турган гипермаркет, балдар аянтчасы, заманбап кинотеатр, ресторан, кофе ичүүчү жай жана 800 унаага ылайыкталган унаа токтоочу жай бар. "Дордой Плаза II" соода жана көңүл ачуу борборунда шаар тургундары үй-бүлөсү менен келип эс алуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: