super.kg logo

Борбордогу Калыс-Ордо конушунун жашоочулары аларды тейлеген поликлиниканын оңдоп-түзөө иштери 2 жылдан бери бүтпөй жатканына нааразы

 

Борбордогу Калыс-Ордо конушунун жашоочулары аларды тейлеген поликлиниканын оңдоп-түзөө иштери 2 жылдан бери бүтпөй жатканына нааразы. Бул тууралуу аталган конуштун жашоочулары билдирди.

"Калыс-Ордо ири конуштардын катарына киргендиктен, жашоочуларынын саны 10 миңден ашат. 2 жыл мурун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабышкан. Бирок бул убактылуу экенин, поликлиника кайрадан 3 айдан соң ачылаарын айтышкан. Андан бери 3 жылга жакындап калды. Эч кандай натыйжа жок. Кош бойлуулар, балалуулар №13 поликлиникага каттоого турууга мажбур. Айрыкча аялдар менен балдар ооруганда азап тартабыз. Таң атпай жол жүрүп барсак деле, №13 поликлиникада ар дайым кезек күтүүгө аргасызбыз. Ал поликлиникада да биздин жашоочулар үчүн шарт түзүлгөн эмес", - деди Гүлайым Аманкожоева аттуу Калыс-Ордо конушунун тургуну.

Бул маалыматты тактоо максатында Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбековго байланыштык. "Азыркы күндө Биринчи Май районуна караштуу беш ФАП оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Негизги себеби он жыл мурун курулган ФАПтардын мыйзамдуулугу каралбай эксплуатацияга берилип калган. Ушул жылдар аралыгында бул поликлиникаларга оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Андан тышкары, булардын документтери туура болбой жана башка орчундуу маселелерге байланыштуу жабылып калган. Алардын ичинде Калыс-Ордо конушундагы ФАП дагы бар. Бул поликлиника боюнча акыркы бир жылдан бери мэрия жана Биринчи Май райондук администрация тарабынан чоң жумуштар жасалды. Ага ылайык, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо конуштарындагы ФАПтар эксплуатацияга берилип, документтери ирээтке келтирилди. Жыл аягына чейин ишке киришет деп пландап жатабыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: