super.kg logo

Өкмөт: "Азаттыктын" окуясы боюнча бул фактынын себептерин жана деталдарын тергөө аныкташы керек"

 

Өкмөт "Азаттык" радиосунун журналисти менен болгон окуяга тынчсызданат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бирок биз бул фактынын себептерин жана деталдарын козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө аныкташы керек деп эсептейбиз. Ошол эле учурда окуяга турмуштук пикир келишпестиктер себеп болгондугуна жана сөз эркиндиги менен журналисттик ишмердүүлүктү кандайдыр бир чектөөгө тиешеси жок экендигине ишенгибиз келет", - деп айтылат маалыматта.

28-сентябрь күнү Ош шаарынын аймагында "Азаттык" радиосунун кабарчыларынын катышуусундагы окуя тууралуу Ош ШИИБи маалымат тараткан. Анда бир тарап Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин жашоочулары "Азаттыкка" таандык видеокамера менен дронду тартып алды десе, экинчи тарап үйүнүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербестен видеотасмага тартып жатат, үйдө жашаган адамдардын коопсуздугуна шек келтирип, жеке жашоосуна кийлигишип, алардын өмүрүн коркунучка салууда деп арызданган. Экинчи тарап дрон үйдөгү тургундардын биринин башына келип түшкөндүгүн, анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: