super.kg logo

Исмаил Исаков Текебаев жана Чотоновдун сотунда күбө катары сурак берди

 

Бүгүн, 1-октябрда утурумдук өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда Жазык процессуалдык кодекстин 58-беренесинин негизинде күбө катары сурак берип жатат. Сот андан барын ачык-айкын айтууну өтүндү.

13-май 2010-жылдагы кырдаал боюнча жактоочу Таалайгүл Токтакунова суроо берди. Исаков берилген суроого төмөнкүдөй жооп берди.

"2010-жылы түштүк регионунда Бакиев бийлик имараттарын басып алган. Бул маалымат жеткенден кийин биз саат 14:00 чамасында Отунбаеванын иш бөлмөсүндө жолукканбыз. Талкуу бүтүп, саат төрттөн өткөндөн кийин мен Ошко учуп кете турган болгонмун.

Бизди Ошто ИИМдин орун басарлары күтүп турушкан. Бирок Ош аэропорту жабык деген маалымат келген. Мындан улам биз тик учак менен учуп кеткенбиз.

Ал жакка саат 7ге жакын барып, сүйлөшүү процессин жүргүзөбүз дегенбиз.Ош тараптан Айтмамат Кадырбаев менен сүйлөшкөнбүз. 13-май ушундай өткөн", - деди Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: