super.kg logo

Нарын облусунда 280 миллион долларга өнөр жай соода-логистикалык борбору курулат

 

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кытай менен биргеликте өнөр жай соода-логистикалык борбору курулат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун Нарын облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Кытайдан келген делегация менен жолугушуу учурунда долбоор талкууланды.

"Өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 миллион АКШ долларын түздү. Аталган борборду куруу менен аймакка инвестиция тартылып, өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жана экспорттун көлөмүнүн көбөйүүсүнө, социалдык жана инфраструктуралык маселелерди чечкенге өбөлгө түзүлөт. Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 миллион 782 миң сом түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат", - деп жазылат маалыматта.

Борбор курулса 13 миң жумуш орду түзүлөт. Бирок курулуш иштери качан башталары так айтылган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
01.10.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Не бул кытайлардан башка эл жокпу азайта албайжатса .....
01.10.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нарын областында мындай түйүн ачыла турган болсо жергиликтүү элдин турмуш-жашоосу бир кыйла жеңилдемек. Ички жана сырткы миграциянын азайуусун камсыз кылат.
01.10.2019. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайлар ачкан менен 13 мин кыргыз жараны иштейт деп жатат.Ушинтип ичи тардык кылып отуруп онукпой жатабыз. Анан миграция коп элдин баары сыртта журот дейбиз. Озубуздо жумуш орун тузулсо Кытай дейбиз.Качан биз каниет кылганды уйронобуз.
01.10.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кытайдын саясаты Орто-Азиядагы өлкөлөрдүн жерлерин тартып алуу болуп саналат .
Ошону үчүн карыз берет бизге мээси иштебеген башчылар туш болду деги качан улутту ойлогон адамдар келет (((((((
01.10.2019. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мисалы: Кытай берген ЖЭБке 386 млн доллар болсо Кыргыз тарап кайра 495 млн доллар төлөп бериши керек экен , эми ойлонуп көргүлө кимге пайда кимге чыгым . Ещё доллар эмес юанъ менен берип атса . Карыз алсаңар өмүр өткүчө кул болуп жашап калышыбыз мүмкүн ал алган карыздар деле таза жумшалбайт анда көрө баш тарткан жакшы дагы карыз алабыз кытаайдане дегениңерди укпайын .(((
01.10.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ансыз деле жол салып жаткан кытайларга Нарындын Кыз келиндери куйоого тийип жатышат эми ушул объективтин курулушу башталса кытайлар салат туурабы анан калган белгилуу эле да....
01.10.2019. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Силер айтып аткан нерсенин бардыгы договор кандай тузулот, ошого жараша болот. Договордун пунктарын билмейинче сын таккан болбойт, алдын ала, тигиндей мындай деп... Жогору жактагылардын деле башы бар го
01.10.2019. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир баласын бага албаган уй-булоо,он баласы бар уй-булоодон карыз сурагандай эле болдук го,казактарда мындай соз бар экен кара кытай каптаса сары орус атандай корунот деген,бизге кудай бейиштей болгон жер бергени м.н ото жаман коркунучтуу коншуларды берген экен.
01.10.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бале болдунар го инвестор издеп оозунарды ачып ким эмне куруп берет экен деп. Мектептерди арабтар мечиттерди турктор завод ишканаларды кытайлар куруп анан эле тилибиз кыска болуп калат экен. Өткөндө түрк коркутуп кетти го силерге мечит салып бердик деп. Эми кытайлар... Колуңардан бир нерсе келеби өзү. Не ушунчалык бечел элбизби ар кимге жалдырап жада калса чек арадагы мунараларды алып олкобуздо бөлөк улуттар өз элибизге баш көтөрүп тилибиз орусчага бурулуп.Жанылык окуп оорукчан болот окшойбуз
02.10.2019. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Заводго окшогон ири долбоордун курулганы жакшы. Олкого инвестиция тартып, пайда алып келе турган ири проектилердин тушконунун эмнеси жаман. Жумуш орду да тузулуп жатат. Бирок чыгаша эмес киреше алып келе тургандай болсо.
02.10.2019. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо дагы карызга баттыкпы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: