super.kg logo

Текебаев жана Чотоновдун сотунда Курсан Асанов дагы күбө катары сурак берди

 

Бүгүн, 1-октябрда Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна күбө катары ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да чакырылып, күбө катары сурак берди.

Курсан Асановго 2010-жылы 13-май күнү кайда болгону, ал күн кандай өткөнү боюнча жактоочу Таалайкүл Токтакунова тарабынан суроо узатылды.

"2010-жылы Ички иштер башкармалыгында ыкчам кырдаалдар боюнча орун басары болуп тургам. 13-май күнү жалпыбызга белгилүү болгондой, убактылуу өкмөткө каршы күч пайда болуп, облустук администрацияны басып алган. Ал убакта Бишкек шаарынан Исмаил Исаков, Бакыт Алымбеков ж.б кишилер тик учак менен учуп келишкен. Алар келгенден кийин сүйлөшүүлөр болгон. Мен ал сүйлөшүүгө толук катышкам. Учуп келгендерди тосуп алгандардын дагы бирөөсү мен болгонмун", - деди Асанов.

Эскерте кетсек, буга чейин жактоочу Таалайкүл Токтакунова 2010-жылдын 13-майында Чотонов Ошто болгонун далилдөө үчүн сотко күбө катары ошол учурда ИИМ башчысынын милдетин аткарып турган Бакыт Алымбековду, экс-губернатор Мамасадык Бакировду, Чотоновдун жан сакчысы Тынчтык Аметов жана башкалар сотко күбө катары чакырылганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.10.2019. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2010-жылы, 13-май куну мен жана бир, эки тааныштарым болуп биз кээчке Жамила
эженин камогунда пиво ичип, шашлык жеп олтурганбыз .ошондо устубуздон тик учак учуп откон эле, ичинде кимдер бар экенин коргон эмеспиз.
Aidar.001 түзөттү 2019-10-01 15:31:32
01.10.2019. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Асанов буга чейин кандай иштетди билбейм бирок акыркы иши анын бардык жакшы иштерин жуп кеткендей болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: