super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Соцтармактагы жалданма пикир жазуучуларга каршы күрөшүү керекпи же мындай күрөш сөз эркиндигине коркунуч жаратпайбы? Турдукулов: "Фейктер экстремисттик көз караштагы маалыматтарды таратпаса аларды куугунтуктабаш керек"

 

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатканына тынчсызданды. Ал жалган маалыматтардын тарашы күч алып жатканын айтты. Депутат эл өкүлдөрүн фейк маалыматтарга каршы күрөшүүгө чакырды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Депутаттар арызданууда. Социалдык тармактагы жалданма пикир жазуучуларга каршы күрөшүү керекпи же мындай күрөш сөз эркиндигине коркунуч жаратпайбы?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов социалдык тармактардын колдонуучулары жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү этиканы сакташы керек деген ойдо. "Социалдык тармактардын колдонуучулары жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү этиканы сакташ керек деген ойдомун. Аларды мыйзам нугунда укук коргоо органдары же сот системи аркылуу артынан түшүп кармаган бул сөз эркиндигине болгон кандайдыр бир кысым. Эгерде ошол фейктер улуттар аралык араздашуу, экстремисттик көз караштагы маалыматтарды таратпаса, аларды куугунтуктабаш керек", - дейт Турдукулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: