super.kg logo

Фейсбуктагы комментарийи үчүн сот жообуна тартылган мугалим Темир Болотбекти Жогорку Сот актады

 

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин мугалими Темир Болотбекти Жогорку Сот актады. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

"Бүгүн Жогорку Сот Темир Болотбекке актоо чечимин чыгарды. Бул акыркы чечим болуп, окуяга чекит коюлду. Буга чейинки эки соттук инстанция Темир Болотбекти актаган. Бирок прокурорлор ишти кайра каратып жатып, Жогорку Сотко чейин жеткиришти. Бул албетте, өкүнүчтүү. Негизи мугалимдин социалдык тармактагы билдирүүсү "улуттар аралык жаңжалды ырбатып жатат" деген сөздү биздин УКМК эмес, "Русский мир" деп аталган коомдук уюм көтөрүп чыккан. Андан бери бир нече териштирүү иштеринде, лингвистика адистеринин катышуусунда, орус улутуна каршы сөздөр жазылбаганы далилденсе да, сот иши бир жылдан ашык уланып келген. Бирок бүгүнкү чечим бул бир гана Темир Болотбектин жеңиши эмес. Бул сөз эркиндигине ээ болгусу келген ар бир жарандын жеңиши. Себеби бүгүнкү күндө жөнөкөй мугалимди камап коюшса, башкаларга дагы сабак болмок. Биз үчүн ар бир кадам маанилүү", - деди ал.

2018-жылдын башында УКМК тарабынан, Темир Болотбекке Фейсбук баракчасындагы билдирүүсү үчүн "улуттар аралык жаңжалды ырбатуу" боюнча күнөө коюлган. Темир Болотбек жеке оюн билдиргенин айтып, күнөөнү моюнуна алган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: