Кыргыз Премьер-Лигасы: "Дордой" "Нефтчини" жеңип, жадыбалдын сап башына чыкты




Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Премьер-Лигасынын 19-турдук оюнунун алкагында "Дордой" Бишкекте "Нефтчи" менен ойноду.
Оюндун жүрүшүндө "Дордойдун" чабуулчусу Вахыт Оразсахедов эки гол киргизсе, Кайрат Жыргалбек уулу бир гол киргизди. Жыйынтыгында "Дордой" 3:0 менен жеңип алды.
Бул жеңиш менен "Дордой" 51 упай топтоп, жадыбалдын сап башына чыкты. "Алай" 50 упай менен экинчи орунда калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.