Токтогулда бензовоздун жолунан мал чыга калып, кырсыкка кабылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда бензовоздун жолунан мал чыга калып, кырсыкка кабылган. Тактап айтканда, жол кырсыгы 1-октябрь күнү Ош-Бишкек унаа жолунун 325-чакырымында Үч-Терек айылында болгон. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Анда күйүүчү май ташыган унаа Оштон Бишкекке карай бара жатып, күтүүсүздөн алдынан мал чыга калган. Мындан улам унаа чукул бурулуш жасап, унаанын артындагы чиркемеси үзүлүп, май куюлган цистернасы жолду торогон. Ошондой эле жеңил унаа келип жолдун ортосун тороп турган цистернаны сүзгөн. Кырсыктан бензовоздун айдоочусу жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылган эмес. Учурда териштирүү жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
muras111211

02.10.2019. 08:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кабар кечээ чыкбады беле айдоочусун ооруканага алып кетти деп,жанында Степ унаасы да бар беле.
taalai1008

02.10.2019. 12:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан көрө уйду тебелеп кетсе арзан түшмөк экен да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.