Бишкекте 6 күн ичинде жол эрежесин бузган 1380 факты катталды
Бишкекте 6 күн ичинде жол эрежесин бузган 1380 факты катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
20-сентябрдан 26-сентябрга чейин атайын рейд жүргүзүлгөн.
Анда 15 айдоочу унааны мас абалда башкарып кармалса, 10 айдоочунун айнектери караңгылатылган. Ал эми 13 унаанын ээси айдоочулук күбөлүгү жок башкарып бара жатса, 5 айдоочу бейбаштык үчүн кармалган. Ошондой эле рейдде 502 унаа айып короосуна киргизилип, 421 унаа мажбурланып эвакуацияланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.