super.kg logo

Нарындын Кочкор районунда сел жүрүп, Ормон-Хан айылындагы көчөлөрдү каптады

 
Суунун айылды каптап кетүүсүн алдын алуу максатында кум толтурулган каптан тосмо курулду
Селдин кесепетин жоюу максатында Кочкор райондук куткаруу кызматы менен бирге 250гө жакын айыл тургундары тартылган
Селдин кесепетинен айылдагы көчөлөрдү суу каптаган

11-август күнү саат 04:00 чамасында Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында сел жүрдү. ӨКМ селдин кесепетинен Ормон-Хан айылындагы суткалык жөнгө салуучу бассейниндеги суунун деңгээли көтөрүлүп, айылдын ичиндеги көчөлөрдү суу каптап, кичи көпүрөлөргө коркунуч алып келгенин билдирди. Суу каптаган аймакта Кочкор райондук куткаруу кызматынын кызматкерлери, айыл тургундарынан 200-250 жаран тартылып, суунун айылды каптап кетүүсүн алдын алуу максатында кум толтурулган каптан тосмо курушту. Учурда келтирилген чыгымдар такталууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: