Бишкектин Чоң Чүй каналына 19 жаштагы бала чөгүп кетти
Бишкектин Свердлов районундагы Чоң Чүй каналына 19 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-октябрга караган түнү саат 01:19да Алма-Ата көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 19 жаштагы бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМга келип түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган.
Учурда бала табыла элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Журналистер чукулап сурайт эле саясат болгондо