Депутат: "Профсоюздун мүлкү анын азыркы жетекчилеринин менчиги эмес, ал жалпы элдин каражатынан куралган"
Депутат Улукбек Ормонов профсоюздун карамагындагы жерлер менен мүлктөр жең ичинен сатылып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Профсоюздун мүлкү анын азыркы жетекчилеринин менчиги эмес, ал жалпы элдин каражатынан куралган. Менин оюмча, мыйзамды дагы катуулатуу керек. Мүлк толугу менен мамлекеттин карамагына алынып, анан ал профсоюздун убактылуу башкаруусуна берилүүгө тийиш. Ошондо тартип орнойт”, - деди Ормонов.
Жыйында профсоюз тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.