super.kg logo

"Central Asia's Got Talent" шоусунда ырды көркөм айткан Альбина Койкелова 3 жашынан бери ийгилик жаратып келет

 
Альбина иниси менен

Жаш бирок таланттуу кызыбыз Альбина Койкелова Казакстанда өткөн "Central Asia's Got Talent" шоусуна катышып келди. 6 жаштагы Альбина калыстардын таң калуусун жаратып, шоунун экинчи туруна дагы катышты. Азырынча анын финалга өткөн, өтпөгөнүн жарыялоого болбойт деген апасы Жанара сынак тууралуу айтып берди.

"Кызыбыз Альбина үйдүн улуусу. Андан кийин бир уулубуз бар. Альбина "Central Asia's Got Talent" шоусуна кастинг аркылуу өттү. Инстаграмдан мага ушундай сынак болот деген билдирүү келиптир, дароо эле катышуу үчүн арыз таштадым. Көп өтпөй эле кастингге келгиле деп чакырышып, шоуга катышууга жолдомо алдык.

Биринчи турда Альбина орусиялык поэтесса Лариса Рубальскаянын "Пойду за счастьем на базар" ырын көркөм окуду. Калыстардын баары "ооба" деп, кызым шоунун экинчи баскычына өттү. Жакында эле экинчи турга катышып келдик. Азырынча экинчи турдун жыйынтыгы боюнча маалымат бергенге болбойт", - дейт ал.

Альбина 3 жашынан тарта эле түрдүү сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келген. Анын ийгилик капчыгында бир нече наамдары бар. "Альбина 3 жашынан бери кичинейкелер арасындагы сулуулар сынагына, жаш таланттар сынактарына катышып келет. Ал бир нече наамдардын ээси. Ошондон уламбы, айтор, сынактарга дайыма чакыруулар болуп турат", - деди Жанара айым.

Альбина бала бакчага барат. Мындан тышкары бий, вокал, жакында эле актёрдук чеберчилик ийримдерине катыша баштады. Жанара айым кызын ар тараптуу болуп чоңоюусун каалап, ийримдерге өзү ээрчитип алып барганын кошумчалады. "Экинчи баламды төрөгөндөн кийин үйдө отуруп калдым. Ошондо кызымды ар кандай ийримдерге алып бардым. Андан кийин Кыргыз өлкөсүндөгү жаш балдар, кыздарга арналган сынактарга катышып баштады. Альбина ийгилик жараткандан кийин актёрдук чеберчилик боюнча ийримге барып жатат.

Негизи кызымдын ар тараптуу болуп чоңоюшу маанилүү. Ошондуктан кийин кайсы кесиптин ээси болбосун, артты караганда жыялмаюу тартуулаган балалыгы, бактылуу көз ирмемдери болсун деп сынактардан калтырбай келебиз".

Аталган шоунун калыстар тобунда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова да бар.






3 жашынан тарта ийгиликке карай умтулган Альбинанын кезектеги жетишкендиги

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.10.2019. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир байдын кызы окшойт ошентсе да ийгилик бакыт каалайм Альбиночка!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: