super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Министр акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине чара көрүлөрүн айтты. Бул коррупциялык иштер токтотуларына көзүңүз жетеби? Иманалиев: "Бул коррупцияны жойгонго болгон аракет"

 

Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, алардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражаттарын талап кылууга тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 2-октябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койду.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Министр акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине чара көрүлөрүн айтты. Бул коррупциялык иштер токтотуларына көзүңүз жетеби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев аракеттер болуп жатканын айтты. "Бул коррупцияны жойгонго болгон аракет. Коррупция Кыргыз мамлекетинин бардык тармагында бар. Эгерде биз мугалимдердин айлыгын көбөйтүп, окуу, китеп маселесин чечишибиз керек. Мектептердеги оңдоп-түзөө маселесин чече алсак, акча чогултуу толугу менен жоюлбаса да азаят", - дейт Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: