super.kg logo

Кылмышкерлерди баңгизат океандан сактап калганы менен полициядан сактап кала алган жок

 

Колумбиянын жээгинде кайыгы сууга чөгүп кетип, 1 тонна 200 килограмм баңгизат толтурулган суу өтпөс баштыктардын жардамы менен аман калган кылмышкерлер кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Колумбиянын деңиз аскер флоту Тумако шаарынан алыс эмес жерден океан үстүндө баштыктар менен кошо калкып турган 3 кишини көрүшкөн. Жабыр тарткандардын айтымында, алар бара жаткан кайык чоң толкун астында калып, Тынч океанында 3 сааттан ашык убакыт бою баңгизат толтурулган баштыктарга жармашып турушкан. Кылмышкерлерди бортко алып чыгып, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Полиция кызматкерлери баштыктарды текшерүүгө алып, 1 тонна 200 килограмм кокаин баңги затын табышкан. Ошол замат кылмышкерлердин колуна кишен тагылган.

Жергиликтүү басылмалардын билдирүүсүнө ылайык, алар менен чогу келе жаткан дагы бир адам сууга чөгүп кеткендиги айтылууда, учурда деңиз аскер флоту издөө жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: