Тоң районунда 2 көпүрөнү суу алып кетти
11-августта саат 20:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында катуу жаандан кийин сел жүргөн. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, селдин кесепетинен Ак-Терек суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Натыйжада темир бетондон курулган чоң көпүрөнүн эки жагын суу жеп кеткен. Мындан сырткары ошол эле айылдын башындагы жөө адам өтүүчү 2 көпүрөнү суу алып кеткен. Учурда Жарандык коргоо комиссиясы аймакта иш алып барууда.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.