super.kg logo

Кытайлык киши акча топтоо үчүн жасалма үлпөт той уюштуруп, келинчегин алдап кеткен

 

Кытайдын Гуйчжоу аймагында эркек киши акча топтоп, ишкерлигине жумшоо үчүн жасалма үлпөт той берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал досторду убактылуу ижарага берүү агенттигинен Сяо Ли аттуу айымды келинчеги катары жалдаган. Сяо Ли кишинин туугандарынын жана досторунун алдында 22-августтан 28-августка чейин келинчегинин ролун аткаруусу керек болгон. Жалданган айымга ар бир күнү үчүн 521 юань төлөнмөк. Кыздын айтымында, үйлөнүү үлпөт тою 25-августта болуп өткөн. Киши кызга жатаканасын, тамагын жана жол киресин толук камсыздоого жана убадаланган сумманы толук төлөп берүүгө сөз берген. Тойго келген коноктордон түгөйлөргө 60 миң юань түшкөн. Алдын ала сүйлөшүлгөндөй акчаларды киши алган. Үлпөттөн кийин түгөйлөр дагы бир канча күн аталган аймакта болушкан. Бирок Сяо Линин ижара боюнча иштөө мөөнөтү соңуна келгенде, убадаланган акчасын төлөп бербестен, изин жашырып кеткен. Кызды бардык социалдык тармактардан өчүрүп, байланышын үзүп салган. Сяо Ли юристтерге кайрылганда, кагаз түрүндөгү келишим жок болгондуктан, жыйынтык оң жагына чечилбей тургандыгын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
02.10.2019. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмгеге сомго эмес рубльга которуп койгонсунар?
03.10.2019. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
60 миң юань биздин сомго канча тыйын болот?
03.10.2019. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
eddi.,600000 сом
03.10.2019. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен
03.10.2019. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султан Сулайман деген кинодокудай го, баары жалданма
03.10.2019. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам дык деле касиети жок неме болсо бизче айтканга шылуун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: