super.kg logo

Samsung Кытайда смартфон чыгаруу өндүрүшүн жабат

 

Samsung корпорациясы Кытайдагы смартфон чыгаруу өндүрүшүн жабат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматка ылайык, мындай чечимге смартфондорду чыгарган жергиликтүү өндүрүш менен болгон атаандаштык жана Кытайдагы экономикалык каатчылык түрткү болгон. Завод Гуандун провинциясындагы Хойчжоу шаарында жайгашкан. Июнь айында компания өндүрүштөгү кызматкерлердин санын кыскартып, Кытай заводдорундагы смартфон чыгаруу ишин токтоткон. Бул жолу компания акыркы өндүрүшүн токтотуп жатат.

"Counterpoint'тин" изилдөөсүнө ылайык, 2013-жылы Samsung'тун кытай рыногундагы үлүшү 1 пайызга кыскарган. Бул көрсөткүч 15 пайызга чейин өскөн. Серепчилер "Samsung рынокто өз үлүшүн калыбына келтириши күмөн. Кытайда элдер смартфондорду өтө кымбат эмес ата мекендик бренддерден жана кымбат делинген Apple же Huawei'ден сатып алышат", - деди.

Мартта Sony корпорациясы да Кытайда өндүрүшүн токтотконун билдирген. Компания смартфондорун Таиландда гана чыгарууну пландап жатат.

Гуандун провинциясындагы завод 1992-жылы ачылган. 2017-жылда анда 6000 киши эмгектенген. Ал 63 миллион продукцияны чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.10.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кытай дуйнону согушсуз басат деген ушу да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: