7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча Атамбаевдин жан сакчысы өзүнүн версиясын айтып берди
Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурдагы президенттин камакка алынган жан сакчысы Канат Сагымбаевдин Кой-Таш окуясы боюнча айтып берген видеосун таратты. Анда Сагымбаев 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы кандай өткөнүн өзүнүн версиясында толук айтып берген.
"Бул видеону көргөн ар бир жаран өзү тыянак чыгарсын, Канат кылмышкерби же сыйлыкка татыган аскер кызматкериби?" деп жазган Жоошев видеого жазган билдирүүсүндө.
Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча шектелип, 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталып жатат.
Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевди куттуктаганы үчүн 20-сентябрда УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган. 2-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасына байланыштуу прокурордун өтүнүчү каралды. Сот аны 9-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча Атамбаевдин жансакчысы өзүнүн версиясын айтып берди




















1 |