super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Өкмөт айлана-чөйрөнү коргоо максатында пластик баштыктарды колдонууга салык киргизүүнү сунуштады. Колдоо керекпи? Бактыбек Турусбеков: "Пластиктин зыянын далилдөөнүн кереги жок, элдин баары билет"

 

Өкмөт пластик баштык колдонууга салык киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Долбоор айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккандыгы жазылган. Анда пластик баштыктын ордуна кагаз баштыгын колдонуу сунушталган. Пластик баштыктарды сатууда же импорттоодо аларды Кыргыз Республикасында утилизация кылуу үчүн төлөмдөрдү киргизүү камтылган.

SUPER.KG порталы "Өкмөт айлана-чөйрөнү коргоо максатында пластик баштыктарды колдонууга салык киргизүүнү сунуштады. Колдоо керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков пластик баштыктардын зыяны көп экенин дүйнө жүзү билет деген пикирде. "Пластиктин зыянын далилдөөнүн кереги жок, элдин баары билет. Ысык-Көлгө канчалаган баштык ыргытылганын көрдүм. Илимдер академиясынын адистерин чакырып, алардын ой-пикирлеринин корутундусун алдым. Пластик баштыктар 200-300 жылдай чирибейт экен. Суунун ичинде көпкө сакталып жата берет. Пластик бөтөлкө, баштыктар бекер берилет деген туура эмес. Анын баары биз сатып алып жаткан товарга кошулат. Көп убакытка пайдалана турган баштыктарды колдонсок жакшы болот эле", - дейт Турусбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: