super.kg logo

Зардалы айылынын жашоочулары электр жарыгын өз алдынча чыгарууда

 

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн тоо таянган Зардалы айылын ким билбейт. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхый айылына айланган бул аймакта жашоо шарт дале оор. Быйыл аймактарды өнүктүрүү жылында Зардалыда кандай өзгөрүүлөр болду? SUPER.KG порталы айыл башчыдан билип көрдү.

Зардалынын 20 жыл мурдагыдан айырмасы бир гана тынчтык. Башка өзгөрүү жок дейт айыл башчы Абдилазиз Маатов.

“Бүгүнкү күндө Зардалы айылында 49 кожолук, 213 адам жашайт. Азыркы учурда кышкыга даярданып, көпчүлүгү Баткенге кетишти. Тиричилигибиз малчылык, дыйканчылык менен өтөт. Зардалынын 1999-жылдагы учур менен азыркысын салыштырсак айырмасы бир гана тынчтык өкүм сүрүп турганы. Башка эч кандай айылда өзгөрүү жок. Айыл жашоочулары ашар жолу менен айылдагы көпүрөлөрдү оңдоп алып, кичине жылыш болду. Ал эми мамлекет тарабынан көзгө көрүнүктүү деле иш жасала элек.

Биздин Зардалыга депутаттар, бийлик өкүлдөрү келип жашоо шартыбызды көрүп кетишсе эле сүйүнүп, үмүт менен жашап калабыз. Электр жарыгы биз үчүн дайыма көйгөй жаратып келет. Ошондуктан айыл жашоочулары өз күчтөрүнө жараша бул маселени чечүүгө аракет кылып жатышат. Алсак, айыл боюнча эки үй-бүлө кубаттуулугу 12 Вольт болгон, чакан ГЭС сыяктуу агрегат орнотушкан. Бирок анын кубаттуулугу жарык бергенге гана жетет. Башка муктаждыктарга колдоно алышпайт. Белгилей кете турчу нерсе бул агрегат бир гана үйдү жарык кылууга кубаттуулугу жетет. Ал эми айыл боюнча мындай шайман 2 гана үйдө бар. Айрымдары күн батарейкаларын пайдаланышат. Ал эми мектепте жарык жок. Алдыбызда чоң дарыя агат. Мамлекет тарабынан ГЭС курулат деген убада берилген. Президент көзөмөлгө алды дешкен. Андан деле үмүт үзбөй турабыз”, - деди айыл башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.10.2019. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Керемет жер экен. биздин чондордон умут кылбагыла бирок, барса шайлоо жакындаганда эле барбаса.
03.10.2019. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынча керемет жер,жомоктогудай!Жолдору да тоонун боорунда го.
04.10.2019. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бейиштей болгон Кыргызстаным,ээ Рабби ушул бейиштей болгон Кыргызстанымдын келечегин кен кыл, элинин пейилин ондоп,озундуу тааныган,топуктуу,ынсаптуу, ак конул эл кыл,чондорубузга ынсап ыйман бер, ушундай жерлерибизди жаман коздордон сакта, келечектеги Улуу Кыргыз мамлекетине мурас кыл,озубуздун урпактарга насип кыл ушул жерибизди,олкобузго кен келечек бер, кытайга дос кылба,э Рабби биздин жерден кытайды азайт,озундон жардам сурайбыз. Оомиийн...
asash түзөттү 2019-10-04 00:51:14
04.10.2019. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Огооо коозго коншу айылымсынар Жаккын бирок омурумдо бара елекмин жаль
04.10.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайрага чон генератор орнотуп 220 вольт алса болоор бекен, окунучтуусу мамлекет козомол кылбаганы, Кудайым куч кубат берсин!!!
04.10.2019. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окмот умный учечик койдурбаса эле эми))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: