super.kg logo

Автобустун эшигине кыпчылып каза болгон окуучу. Мэрия бала алдыңкы эшиктен чыккан деген божомолду айтат

 

Бүгүн, 3-октябрда Бишкекте автобустун арткы эшигине кыпчылып калган окуучу бала каза болду. Бишкек шаардык мэриясы окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыккан болушу мүмкүн деген билдирүү жасады.

"Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыккан. Аны айдоочу көргөн. Бирок окуучу баланын күрмөсүнүн боосу эшикке кыпчылып, автобус жүргөндө ал кулап, дөңгөлөктүн алдында калган. Рулда №18 багытындагы автобус каттамынын бригадири 1985-жылы туулган Н.Серенов болгон. Айдоочу "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасында" 8 жылдан бери эмгектенип келет. Анын 14 жылдык тажрыйбасы бар.

Ал эми каза болгон М.Ж. №70 мектеп-гимназиясынын 5-классында билим алып жаткан. Атасы курулуш компаниясында иштейт, апасы экономист. Маркум 5 бир тууган болгон. Сокулук районунда жашайт.
Бул окуядан кийин вице-мэр Азиз Алымкулов шаардык транспорт башкармалыгынын, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын", "Бишкек троллейбус башкармалыгынын" кызматкерлери жана мэриянын транспорт бөлүмү, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен чукул жыйын өткөрдү. Вице-мэр каза болгон окуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам көрсөтүүнү, маркумдун ата-энесине психологиялык жардам берүүнү тапшырды", - деп кабарлады.
Бул окуя тыкыр иликтенип, айдоочуга укуктук баа берилет. Мэрия маркумдун ата-энесине, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
03.10.2019. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
После пожар актанбай эле койсун негизи ушул автобустарга чектөө коюш керек саатына 45 км ашпай турган кылып
04.10.2019. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аа эмнеге божомол,ошондо даагы деле иликтене элекпи,органдарга не кылып журот
04.10.2019. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Капырай ботом кагаз алып отура калбай блокнотко жазбайбы бирөөсү карандаш кармап отуруп алыптыр
04.10.2019. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
На показ.Спекталь.Фуу отуруштарын тойго келишкенсип.
04.10.2019. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
автобустун шафиорлору айалдамада эшикти карашпайт телефондо суйлошуп кетишет Бизда бир жолу автобуска чыга калып толук чыга елек эшиги жабылып айдап жоноду биз жыгылып кала жаздап шафиорго карасам телефондо жыргап кетип жатат
04.10.2019. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asal, шофёр болот
04.10.2019. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Карандаш менен кагазга жазып жатат го
04.10.2019. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кырсык каш кабактын ортосунда деп бекер айтбаганда бул дагы Кырсык болуп кетти. Алла Тааламын буйругусузталдындагы жалбырагы жерге тушбойт дейт.Бул баланында ичер суусу буткон экен себебин ушундан кылыптыр.Баланын жаткан жери жайлуу болсун.Топурагы торко болсун.Бейиштин кушу болсун амин! Ата-энесине Жана туугандарына терен кайгыруу менен конул айтам. Сабыр кылыныздар булда болсо Алланын иши.Баарыбыз Аллага кайтуучуларданбыз.Тушуном баланды жоготуу оор экенин билем ошондой болсо да Сабыр тилейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: