Наристе кучактап жолдо кайыр сурап жүргөн эркек кишинин үй-бүлөсүнө милиция кызматкерлери жардам беришти





1 жашка жете элек баланы көтөрүп алып, жолдо кайыр сурап жүргөн эркек кишинин үй-бүлөсүнө милиция кызматкерлери азык-түлүк, балдарга оюнчук жана чогултулган акчаны алып келип тапшырышты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери бул үй-бүлөгө мындан ары да ар кандай жардамдарды көрсөтүп турууну убадалашты.
Интернетке болжол менен 1 жашка жете элек баланы көтөрүп алып, жолдо кайыр сурап жүргөн эркек кишинин сүрөтү тарап, талкууга алынган. Мындан улам Бишкек ШИИББи бул адамды таап аты-жөнүн такташкан. Ал 1968-жылкы У.А. аттуу жаран жана анын баласы 2018-жылы туулган А.М. экендигин аныкташкан. Кишинин айтымында, ал жубайы менен жашы жете элек төрт баланы тарбиялап келишет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
2

Комментарийлер(6)
Eli.91

04.10.2019. 08:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жакшылык кылуудан эч чарчабаш керек.Жакшылык кылдынбы ал адамдан сен Жакшылык кутбо Алланын ыраазылыгы учун кыл. Жакшылыкты бир гана Алладан кут Алла сага гайыптан берет.Алла Таалам силерге да ар дайым Жакшылыктарын ыроолоп турсун амин!
zhykyo

04.10.2019. 10:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жарайсынар
senchi

04.10.2019. 10:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар кубандым
nazira...

04.10.2019. 13:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уйундо компьютери бар экен, аялы бар экен. Аялына балдарды таштап озу иштеп чыкпайбы кайыр сурабастан. А менин уйумдо компьютерим жок мисал учун.6 саны аман экен, бу не деген эркек экен озу, тооба.
bema_bema

04.10.2019. 13:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат балдар экен,окуп алып кубандым.Бирок жаш эле киши экен иштесин.
uli1234

04.10.2019. 14:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайыр сурабай койсо деле болгудай экен уйунун ичин компютерлери, телевизору плоский экен тушунбойсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.