super.kg logo

Автобустун эшигине кыпчылып каза болгон окуучунун окуясы сотко чейинки өндүрүшкө алынды

 

3-октябрда Бишкекте автобустун арткы эшигине кыпчылып калып каза болгон окуучунун окуясы боюнча автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул факты Сокулук РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми автобус айып короосуна токтотулуп, учурда тергөө иштери башталды деп жазылат маалыматта.

Окуучу окуядан кийин эсине келбей, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда каза болгон.

Кырсык 3-октябрда саат 15:30-16:00 чамасында орун алган. Анда Күн-Туу айылынан келе жаткан №18 багытындагы автобус аялдамадан жүргүнчүлөрдү түшүргөн. Бирок айдоочу арткы эшиктен 5-класстын окуучусу түшүп жатканын байкабай калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучунун бир буту эшикке кыпчылып калган. Айдоочу аны байкабай автобусту айдап кеткен. Автобус окуучуну бир канча метр жерге чейин сүйрөгөн. Бала алган жаракатынан улам жеринен каза болгон. Ал эми Бишкек шаардык мэриясы окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыккан болушу мүмкүн деген билдирүү жасаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
04.10.2019. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа. Жаман болуптур. Жаш балдар шок айдочулар не внимательный шашып эле журушот. Ата энесине сабыр тилейм
04.10.2019. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээтен бери элестетип жаман болуп жатам кудай сактасын мындай кырсыктардан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: