super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков: "Элет жеринде терең билим алууга жол ачылат"

 

Бишкекте өтүп жаткан IT тармагына тиешелүү конференцияда президент Сооронбой Жээнбеков сөз сүйлөп, өлкөнү санариптештирүүгө салым кошуп жаткандарга ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары, ал келген конокторго дагы рахмат айтып, аларды санарип тармагындагы тажрыйбалары менен бөлүшүүгө чакырды.

"Азыркы учурда санарип технологиялары дүйнө экономикасын өзгөртүп, бардык өлкөлөр үчүн глобалдык процесстерге кеңири катышуу мүмкүндүгүн жаратты. Жаңы мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн мамлекеттик башкарууда, ишкерликте жана коомдо жаңылыктарды кабыл алууда даяр чөйрөнү түзүү керек. Өзгөрүүлөрдөн качпай, жаңыланууну ыкчам кабыл алып, ишке тездетип киргизген өлкөлөр гана ийгиликке жетип жатышат", - деди Жээнбеков иш-чаранын жүрүшүндө.

Мындан сырткары, ал эки стратегиялык багытка өзгөчө көңүл бурула турганын кошумчалап өттү.

Алардын биринчиси, адамдардын жашаган жери шаар же айыл экенине карабай сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылуу, ал үчүн жаңы санариптик технологияларды дагы тереңдеп киргизүү.

Экинчиси, билимдин сапатын жогорулатуу. Анын ичинде элет жеринде терең билим алуу мүмкүнчүлүгүн жаратуу.

Санариптештирүү жылына карата өтүп жаткан иш-чарага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген адистер катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
04.10.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жээнбеков туура жолдо баратат. Акырындык менен, унчукпай баарын ордуна коюп, мамлекетти туура жолго салып койду. Эми коррупционерлердин колуна дал ушул электрондук башкаруулар чабат! Ийгилик ажобузга, колдош керек!
04.10.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Коопсуз шаардын аты атап тургандай эле ал элдин коопсуздугу үчүн колдонулуп жаткан программа. Андан коррупциялык иш издөөнүн кереги жок. Анткени айып акчалар физикалык жактарга эмес түздөн-түз мамлекеттик органдарга түшөт.Коопсуз шаардын аты атап тургандай эле ал элдин коопсуздугу үчүн колдонулуп жаткан программа. Андан коррупциялык иш издөөнүн кереги жок. Анткени айып акчалар физикалык жактарга эмес түздөн-түз мамлекеттик органдарга түшөт.
04.10.2019. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзгөчө контейнер мектептер жакшы жол ачат.
04.10.2019. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Электрондук башкарууда толомдор терминалдар аркылуу кабылданып, мурункудай уурулардын колуна тушпойт.Экинчиден документация иштери ары чурка бери чурка дегендер азаят.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: