super.kg logo

Стамбул аэропортунан кыргыз кызы жоголду

 

1-октябрда Стамбул шаарынын аэропортунан Кыргыз жараны Айчүрөк Данияр кызы жоголуп кеткен. Бул тууралуу Түркиядагы мекендештер социалдык баракчаларга жазып чыгышты. Ага ылайык, “24 жаштагы Айчүрөк 1-октябрда Франкфурт шаарынан Стамбулга Turkish Airlines TK1594 рейси менен учуп келген. Анын Стамбулдун аэропортуна келгени видео көзөмөлгө түшүп калган. Бирок кыз паспорттук көзөмөлдөн өткөн эмес. Андан бери Айчүрөк Данияр кызынан кабар жок, байланыш үзүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайын билүү максатында кыздын атасына байланыштык: “Кызым Айчүрөк Данияр кызы 1 жарым жылдан бери Франкфурт шаарында окуп, иштеп жүргөн. Ошол күнү транзиттик рейс менен Франкфурттан учуп чыгып, Стамбул аркылуу Бишкекке келмек. Акыркы жолу Франкфурт шаарынан учакка отурарда чалган. Кызыбыз өзүн-өзү билип, бейчеки басып кетчү кыздардан эмес, кантип жакшынакай үйүнө келе жаткан кыз жоголуп кетсин деп, бушайман болуп жатабыз. Кээ бирлери анын стрессте жүргөнүн айтышууда, кимге ишенерибизди билбей жатабыз. Элчиликке, консулдукка жана бардык тиешелүү жерлерге кайрылдык”, - дейт Бекболсун Молдалиев.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы консулдугу бул иш көзөмөлдө экенин, бирок иликтөөнүн купуялуулугунун негизинде маалымат берилбей тургандыгын айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: