super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө жасалган робот президентти жана келген конокторду тосуп алды (видео)

 

Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарында “Борбор Азиядагы санариптик трансформация” аталышында өткөн ири конференцияда Санжар Жумабеков иштеп чыккан робот келген коноктор менен учурашып, аларды тосуп алды.

Аталган иш-чарада көпчүлүктүн көңүл борбору аталган роботко бурулду. Ал башына ак калпак кийип, колун булгалап, келген конокторду өзүнө тартып турду.

Роботту иштеп чыккандардын сап башында турган Санжар Жумабеков бүгүн анын эмгегинин негизги кызматы президент Сооронбай Жээнбеков менен учурашуу болгонун айтып, SUPER.KG порталына маек берди.

“Роботтун аты РобоСкай. Өзүм РобоСкай робот иштеп чыгуу долбоорунун жетекчиси болуп иштейм. Роботтун программасын өзүбүз жазабыз жана ар бир тетиктери Кыргыз өлкөсүндө жасалган. Эмгегибиз сатуу борборлорунда, ар кандай иш-чараларда көргөзмө катары коюлуп жатат. Бүгүн роботубуздун кызматы президент менен саламдашуу болуп, ал Сооронбай Жээнбеков менен учурашты", - деди Жумабеков.

Эми алар роботту адамдар менен сүйлөшүп, диалог түзө ала тургандай кылып иштеп чыгууну ниет кылып жатышат.

"Келечекте робот өз алдынча, өзү адамдарды таанып, аларды сүзүп албагандай тескерисинче жардам бере тургандай варианттары ойлонулуп жатат. Мисалы, банкоматтарды роботтун төш жагына орнотуп койсок болот. Ага адамдар келип, карточкаларын сунуп, акчаларын ала алат. Бул тажрыйба азыркы тапта Орусия өлкөсүндө колдонулуп жатат. Банктарга роботторду банкомат катары коюп коюшкан. Роботтор официанттык кызматты дагы аткара алышат", - дейт ал.

Азырынча бул робот алардын тажрыйбасындагы биринчи эмгеги болуп эсептелинет. Аны жасоого жалпы үч кишинин көз майы, кол эмгеги талап кылынган. Ал эми экинчи варианттын алар учурда ойлонуп жатышат.

Бирок Жумабековдун айтымында, ойлонулган роботту жасоого азыркы тапта каражат жетпей турат.

"Экинчи варианты учурда ойлонулуп жатат. Бирок ага каражат жетпегенинен улам биз инвесторлор менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Роботторду ар кандай иш-чараларга, мисалы, туулган күндөргө, үлпөт тойлорго ижарага берип жатабыз. Негизинен роботтун баалары 300 миң сомдон 1 жарым миллилон сомго чейинки акча каражатын чапчыйт".

Бул маселеден сырткары, ал робот жасаган адистердин жетишсиздиги дагы маселе болуп жатканын кошумчалап өттү.

"Бул тармактагы адистерди табуу биздин өлкөдө чынында чоң маселе экен. Бул роботту жасоодо үч киши иштеди. Атам, мен жана дагы бир адам программа жагынан жардам көрсөттү".






Санжар Жумабеков: "Кыргыз өлкөсүндө робот жасоо өнүгөт"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
04.10.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат мыкты экен, ушундай балдарды колдоо керек.Бешиктен бели чыга элек саясатчы баары.
04.10.2019. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат. Азыр спорт тармагына көп көңүл бурулган сыяктуу илим-технология тармагына да өзгөчө басым жасалып жатат. Мындай роботтордун кыргыз технологдорунун колунан жасалганы баарыбызды кубантпай койбойт.
04.10.2019. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Роботтун аты РоботСоке экенда.
04.10.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец, эми ал роботту UFCге даярда.
04.10.2019. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат келечекте Терминотор жаса только согушка эмес
04.10.2019. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
РоботСооронбай эле деп койбоптур)
04.10.2019. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Калпагыбызды итке кийгизип бүтүп эми роботко кийгиздикпи?
05.10.2019. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубанаарлык корунуш,азамат жигит экен.Башы жакшы иштейт экен
Медиа-портал
05.10.2019. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстаным жана жаштары онуп оскуло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: