super.kg logo

Депутат Ирина Карамушкина Эл аралык уюм анын сүранычына көңүл бурбай койгонун айтып чыкты

 

Депутат Ирина Карамушкина 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяга БУУнун, ЕККУнун алдындагы демократиялык институттары баа бериши керектигин айткан. Бирок ЕККУ анын суранычына көңүл бурбай койгонун депутат социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал Жогорку Кеңештеги кесиптештеринин үн катпай отурганына нааразы болду. Тагыраагы, депутаттар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы адам укуктарынын бузулганына реакция кылбай жатканын айтат. Ирина Карамушкина ЕККУга Жогорку Кеңештин жыйынында кайрылганын, бирок алар дале үн катпай жатышат деди. Ошондой эле ал камактан чыгуу үчүн баарына даяр болгон Алга Кылычовду мисал кылып, алсыздарды жок кылып жатат деген оюн калтырды.

Ирина Карамушкина эл өкүлдөрүнүн үн катпай отурганын ЕККУ каржылаган чет өлкөгө болгон сапарлардан куру кол калгысы келбей жаткан болушу мүмкүн деген пикирин жазды.

Башкы прокуратура Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин "барымтага алуу" беренеси боюнча кылмыш ишинде күбө эмес, айыпталуучу катары өтүп жатканын билдирген. 22-августта Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына алган.
30-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы каралып, 9-декабрга чейин үй камагында калтырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.10.2019. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эл аралык уюмдар деле бет тырмактыгынды билип турат. Ошол учун конул бурбай жатат. Озунду ондо Карамышкина
05.10.2019. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуларга тан кааласын да адам укуктары деп бет тырмачылык кылып уюмдарга кайрылышат .Башка маалда эмнеге кайрылышпайт .
05.10.2019. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфодо Самара менен Анжелика соңку кабарда Карамушкина дайыма хит.
05.10.2019. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Карамушкина айткандай адам укугун бузуу болгондо, баары реакция жасамак. Бирок андай болгон жок, демек баары мыйзамдуу болду. Угомонись уже Ирина!
05.10.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чык эшике
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: