Жалал-Абад. Кытайлык ишкерлер шаардагы токтоп турган ишканалар менен таанышып, аларды иштетсе боло тургандыгын айтышты
Өткөн аптанын аягында Жалал-Абад облусунун башчысы Жусубали Торомаматов Кытайдын Ош шаарындагы башкы консулу У Ин Цинь баштаган делегация менен жолугушту. Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков билдиргендей, жолугушууда эки өлкөнүн карым-катнашы жакшырып бара жатканы талкууга алынып, келечекте эки мамлекеттин ишкерлери биргеликте ишканаларды ачууга багытталган кадамдар тууралуу сөз жүрдү. Торомаматов облустун экономикалык потенциалы жогору экенин белгилеп, Кытайдан келген ишкерлерге Жалал-Абад шаарында токтоп турган өнөр жай ишканаларын жеринде көрсөттү. "Кытайдын Ош шаарында башкы консулдугу ачылып жатканда биргелешкен ишканаларды куруу боюнча пландар болгон. Азыр да Жалал-Абаддагы токтоп турган ишканаларды кыдыруудан кийин биргеликте ишканаларды куруу максаттарын айтышты",- дейт облус башчы.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















