super.kg logo
  Спорт  

"Суперфутбол-2019": "Саясат" командасынын оюнчусу Жаныбек Абиров: "Голду чоң аракет менен киргиздик"

 

Учурда "Саясатчылар" командасы менен "Журналисттер" командасы футбол боюнча беттешүүдө.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров голду чоң аракет менен киргизгенин айтты. "Өзүңүздөр көргөндөй, журналисттер командасы жалаң эле жаш балдардан түзүлүптүр. Биздин командада эң улуусу 58 жашта, ал эми мен 30 жаштамын. Командабызда көпчүлүгү эле 40 жаштан ашып калган байкелер. Алар бүт баары чуркап аракет кылып жатышат. Албетте, бул жакшы көрүнүш, сергек жашоонун далили. ЖМКнын өкүлдөрү бүт баары жаш болгондуктанбы, алдыда келе жатышат. Бирок азыр экинчи таймда азыркыдан дагы күчтүү аракет кылабыз. Биз ынтымакка келтирген жакшы оюн көрсөтөбүз деп келгенбиз. Буюрса мыкты оюн көрсөтөбүз жана утканга аракет кылабыз", - дейт Абиров.

Бүгүн, 6-октябрда "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталы Футбол боюнча улуттук курамды колдоо максатында мелдеш уюштурууда. Анда саясатчылардан, журналисттерден, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн жана көк бөрүчүлөрдөн куралган төрт команда ат салышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: