"Суперфутбол-2019": "Көк бөрү" командасынын оюнчусу Кыяз Ниязов даярдыгы жакшы экенин айтты
"Көк бөрү" командасынын оюнчусу Кыяз Ниязов даярдыгы жакшы экенин айтты. "Бүгүнкү оюнга даярдыгыбыз жакшы деп айта алам. Командадагы балдардын аракеттери күч. Бизде жалпысы 18, ал эми футбол талаасына 11 оюнчу чыгат. Чүчү кулакта эң күчтүү аталган шоу-бизнес командасы менен ойнойт экенбиз. Ошондуктан жеңерибизге болгон ишеним 50 пайыз", - дейт Кыяз Ниязов.
Бүгүн, 6-октябрда "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталы Футбол боюнча улуттук курамды колдоо максатында мелдеш уюштурууда. Анда саясатчылардан, журналисттерден, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн жана көк бөрүчүлөрдөн куралган төрт команда ат салышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.