super.kg logo
  Спорт  

"Суперфутбол-2019" турнири: Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 6-октябрда SUPER.KG порталы жана "Супер-Инфо" гезити Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте уюштуруп жаткан "Суперфутбол-2019" турнири өттү. Кыргыз улуттук курама командасын колдоо максатында уюштурулуп жаткан бул турнирде саясат, шоу-бизнес, көк бөрү жана журналисттерден түзүлгөн 4 команда ат салышты.

Бүйүр кызыткан мелдештин жыйынтыгында "Саясатчылар" командасы 4-орунду ал эми "Шоу-бизнес" командасы 3-орунду алды.

Ал эми турнирдин финалында "Журналисттер" менен "Көк бөрүчүлөр" кез келип, күйөрмандарга жогорку деңгээлдеги оюн тартуулашты. Жыйынтыгында оюн 4:1 эсебинде жыйынтыкталып, көк бөрүчү балбандар 1-орунду ээлешти.

Сыйлык тапшыруу аземинде жеңишке жетпей калган "Саясатчылар" командасына диплом тапшырылды. Ал эми 3-орунду SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова "Шоу-бизнес" командасына диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлыгын тапшырды.

2-орунду "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова тапшырып, экинчи орундун ээлерине 20 миң сом акча жана диплом ыйгарды. Ал эми жеңүүчү болгон "Көк бөрү" командасына Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Кубок жана 30 миң сом акча ошондой эле диплом тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.10.2019. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясатчылар элдин акчасын жеп семирип жатышса кайдан чуркамак эле албетте акыркы орунда калышат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: