super.kg logo

Сокулукта белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Милиция маркумдун ким экенин аныктоого жардам сурайт

 

4-октябрь күнү Сокулук РИИБине 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маркумдун жансыз денеси Совхоз-Фрунзе айылынан табылган. Маркумдун денесин кароо учурунда көк ала тактар бар болгон.

Маркумдун өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чап жаак, чачтары кара, кашы калың жана кара.

Кийген кийимдери: FILA-ORIGINAL жазуусу бар жеңи узун, көк түстөгү кофта, көк жынсы шым, кара түстөгү байпак, ал эми моюнунда күмүш чынжырча тагылган. Өзгөчө белгилери: сол колунда татуировка, үстүңкү тиштеринин бири сары металлдан жасалган.

Эгерде кимде-ким жогорудагы маркум тууралуу кандайдыр бир маалыматтарды билсе, Сокулук райондук ички иштер органдарына кайрылсаңыздар болот.

Байланыш номерлери: 0701 801-803, 03134 53380 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.10.2019. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чамасы киши колдуу болгонго.Турк же Озбек окшойт кашына Караганда.Эмнеси болсо да жаратканым Жаннатынан орун берген болсун амин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: