super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Баткенде өз алдынча көмүр казган 6 адам каза болду. Өкмөт элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында эмне үчүн тийиштүү иштерди алдын ала жүргүзбөйт? Орозова: "Адам өлүмү болгон жерде бирөө жоопкерчиликке тартылышы керек"

 

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жана Кадамжай районунда эки күндө 6 адам өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болду. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Ал көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

SUPER.KG порталы "Баткенде өз алдынча көмүр казган 6 адам каза болду. Бул мындай биринчи кырсык эмес. Өкмөт элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында эмне үчүн тийиштүү иштерди алдын ала жүргүзбөйт?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ушундай көрүнүштөрдү көзөмөлдөшү керектигин айтты.

"Мындай окуя жыл сайын болот да. Ошондуктан техникалык жагын караш үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы бар. Өкмөт аларга талапты күчтүү коюп, алдын ала текшерип турушу керек. Ушунун бардыгы мыйзам чегинде талап кылынбагандыктан болуп жатат. Адам өлүмү болгон жерде бирөө жоопкерчиликке сөзсүз тартылышы керек", - дейт Орозова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: