Кадыр Атамбаев аспирантурага тапшыруу иштери менен 1 жумага чет өлкөгө барат
Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев бир жумага чет өлкөгө барат. Маалыматты КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева тастыктап, ал аспирантурага тапшыруу иштери менен башка өлкөгө барарын билдирди.
"Кадыр Атамбаев бир жумадан кийин өлкөгө кайтып келет. Азырынча анын кайсы өлкөгө барарын айта албайм", - деди Жолдубаева.
Август айында берген маегинде Кадыр Атамбаев: "өлкөдөн качып же чыгып кетүүнү көздөбөйм. Эч жакка кетүүнү пландаган жокмун. Окууну улантууну пландагам, себеби чакыруу да бар болчу", - деген. Ошондой эле анда ал атасы уулдарынан саясатка аралашпайм деген убаданы алганын, ага карабай саясатка аралашууга аргасыз болуп жатканын белгилеген. Август айынан тартып ал атасынын соттук отурумдарына, Кой-Таш окуясы боюнча иликтөөлөргө активдүү катышып, кээ бир жагдайлар боюнча жеке пикирин билдирип келе жатат.








1 |