super.kg logo

Багдаддагы кагылышуу бир жумадан бери уланып жатат. 100дөн ашык адам каза болуп, ондогон киши жаракат алды

 

Ирактын премьер-министри Адиль Абдул-Махди Багдад шаарынын чыгышындагы 13 адамдын өлүмү менен аяктаган кагылыштан кийин, ал жактагы аскер күчтөрүн полицияга алмаштырууну тапшырды. Бир катар маалымат каражаттары аскер жетекчилери Багдаддын Садр-Сити районунда "ашкере күч колдонгонун моюнуна алышты" деп жазышты. Бийлик ашыкча күч колдонгон командирлерди жоопко тартуу үчүн иликтөө баштаганы белгилүү болду.

Иракта өкмөткө каршы нааразычылык акциялар кагылышуулар менен коштолууда. Расмий маалыматка ылайык, бир аптадан бери токтобой жаткан тоз-тополоңдо жалпысынан 100дөн ашык адам каза болуп, ондогон киши жаракат алды.

Бийликке карата нааразычылык акциясы 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.10.2019. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Американын кылганы да демократия деп басып алып кара майын соруп ичип элди кыйнап жатышат.
08.10.2019. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elchi84, Ошода
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: